"Бишкекте лифтке кыпчылып каза болгон адамдын өлүмү боюнча эч ким жоопкерчилик алган эмес". Маркумдун аялы нааразы

Бишкек шаарындагы Улан-1 кичи районунда лифтке кыпчылып каза болгон адамдын үй-бүлөсүнө компенсация төлөнбөй келет. Бул тууралуу SUPER.KG порталына "Балдардын укугун коргоочулар лигасы" коомдук фондунун директору Назгүл Турдубекова билдирди.

"Улан-1 кичи районунда лифтке кыпчылып каза болгон адамдын үй-бүлөсүнө барып кайттык. Аялы 5 кичинекей баласы менен туугандарынын үйүндө турат экен. Кырсык болгондон кийин маркумдун үй-бүлөсүнө «Бишкеклифт» муниципалдык ишканасы компенсация төлөп берген эмес. Ал турсун кечирим сурашпаптыр. Эми жоопкерчиликти ким алат? Аялы ыйлай берип көзүн ача албай калыптыр. Эми булардын тагдыры кандай болорун эч ким ойлогон жок. «Бишкеклифт» жакшы иштебейт. Алардын шалаакылыгынан улам ушул кырсык болду. Эмне үчүн Бишкектеги лифттердин абалынан кабар алышкан эмес? Акчасын убагында алышат. Буларга чара көрүү зарыл. Ким күнөөлүү болсо жазасын тартсын. 5 балалуу келинге үй алып берүү керек. Жардам берүү зарыл", - деди Назгүл Турдубекова.

Эскерте кетсек, 11-январда Бишкек шаарынын Октябрь районунда көп кабаттуу үйдүн лифтине кыпчылып калган 38 жаштагы жаран каза болгон. Анда ӨКМ кырсык Улан-1 кичи районунда катталганын, маркум коляскадагы баласы менен лифттен чыгып келе жатканда эшикке кыпчылып калганын маалымдаган. Ымыркай жабыркаган эмес. Бишкекте лифтке кыпчылып каза болгон жарандын окуясы боюнча иликтөө үчүн ведомстволор аралык комиссия түзүлгөнүн Бишкек шаардык мэриясынан билдирген. Ал эми Бишкектин Октябрь РИИБи окуя боюнча иликтөө иштери башталганын маалымдаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан