Көп түшүм алуу үчүн сапаттуу үрөндү кантип тандоо керек? Адис менен маек

Учурда өлкө аймагында жазгы талаа иштери кызуу жүрүп жатат. Буга байланыштуу дыйкандар мол түшүм алуу үчүн үрөн тандоодо эмнелерге көңүл бурушу зарыл, канткенде сапаттуу үрөндү тандап алса болот деген суроо менен Айыл чарба министрлигинин дыйканчылыкты өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Жигитали Жумалиевге кайрылып, маектештик.

- Саламатсызбы? Алгач эле дыйкандар үрөн тандоодо эмнеге көңүл бурушу керек? Сапаттуу үрөндү кантип тандоо зарыл?

- Биринчиден, ар бир үрөндүн биздин климаттык шартка ыңгайлашканына, биологиялык өзгөчөлүгүнө жана сапатына көңүл бөлүү керек. Негизи сертификаты бар сапаттуу үрөндөн жогорку түшүм алууга мүмкүнчүлүк болот.

Учурда дыйкандарды үрөн менен камсыздоо үчүн алгылыктуу иштер жасалууда. Маселен, министрлик Орусиядан келишимдик негизде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Материалдык резервдер фонду аркылуу сапаттуу үрөндөрдү сатып келип, дыйкандарга 2 жылдык мөөнөт менен берип жатат. Былтыркы жыл кургакчылык, суунун жетишсиздигинен улам дыйкандарга оор жылдардан болгон. Ошондуктан биз реформа кылуу максатында сапаттуу үрөндөр менен камсыз кылып жатабыз. Аны менен катар ар бир региондун өзгөчөлүгүнө карата үрөндөр берилип жатат. Бүгүнкү күндө дыйкандардын 50 пайыздан көбү үрөн менен камсыз болду.

- Өлкөгө үрөн кайсы өлкөлөрдөн импорт болуп келет?

- Жүгөрү - Орусия, Европа өлкөлөрүнөн, буудай жана арпа - Орусия, Казакстандан, картошка - Европа өлкөлөрүнөн импорттолуп келет. Келечекте импортко болгон көз карандылыкты азайтууну көздөп жатабыз.

- Өлкөдө үрөн чарбалары барбы? Алардагы түшүм кандай болуп жатат?

- Айыл чарба министрлиги өткөн жылы өлкөдөгү 146 үрөнчүлүк чарбасын текшерип чыккан. Анын жүрүшүндө 96 гана чарба иштеп жатканы белгилүү болгон. Учурда үрөн чарбаларынын санына эмес, сапатына карап иш аракеттерди жүргүзүп жатабыз.

- Министрлер кабинети айыл чарба үрөнүнүн бир нече түрүн сатып алууга 1 жарым миллиард сом бөлгөн болчу. Ал каражатка кандай үрөндөр алынды?

- Ал каражатка буудай, арпа, буурчак, беде жана май өсүмдүктөрүнүн үрөнү сатып алынды. Андан тышкары Казакстандан дагы 1000 тонна “Карабалык - 20” сортундагы үрөн алып келинип, дыйкандарга 2 жылдык мөөнөт менен “Айыл банк” аркылуу насыяга берилип жатат.

- Орусиядан алынып келип жаткан үрөндүн сапаттуулугу биздин климатка болгон өнүшү кандай?

- Орусиянын айрым аймактарында орточо түшүмдүүлүк 50-60 центнердин деңгээлинде болсо, ал эми биздин өлкөдө 20-25 центнерден жогору болбойт. Ошондуктан биздин климатка ылайыкташкан үрөндөрдү алып келип, алдыңкы жылдарда 100 центнерге чейин үрөн алууну көздөп жатабыз. Бул аба ырайынан көз каранды жана техникалар менен толук жабдылган шартта гана ишке ашат.

- Быйыл пайызы төмөн насыялар берилип жатат. Ошол насыя, үрөндөр алыскы аймактагыларга тааныш-билиш болбой тегиз берилип жатабы?

- Өлкөнүн бардык аймактарындагы дыйкандарга бирдей шартта 6 пайыз менен үрөн берилип жатат. Жазгы талаа жумуштарына насыя алам дегендерге кезексиз, ал эми 300 миң сомго чейин деген дыйкандарга күрөөсүз насыя берилүүдө.

- Дыйкандарга карата үрөндөрдү алууда белгиленген чектер барбы?

- Андай нерсе болбошу керек. Маселен, дыйкан 10 тонна алабы, 50 тонна алабы ага чек жок. Алар канча тонна алам десе, ошо көлөмдө банк аркылуу келишим түзүп, андан соң тизмеге туруп, үрөндөрдү алса болот.

- Жакшы түшүм алуу үчүн үрөндү себүүдөн мурун бир сыйра дарылоонун ыкмалары тууралуу айтсаңыз.

- Ар бир үрөндү себүүнүн өзүнүн агротехникалык ыкмалары бар. Өз убагында дарылап, өз убагында сээп, сугат иштерин туура жүргүзсө эле жогорку түшүмдү алууга болот.

- Жер семирткичтерди кантип туура пайдалануу керек?

- Жер семирткичтерди чачууда алгач топурактын сапатын, качан, кайсы убакта кандай жер семирткичтер колдонуларын тактап алуу керек. Мындан тышкары бизде дыйкандарга жер семирткичтерди колдонуу, туура пайдалануу боюнча маалымат бере турган атайын Департамент бар.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан