Нооруз күнү 6 миңден ашык милиция кызматкери коопсуздукту көзөмөлдөйт

Ички иштер министрлиги Нооруз майрамына карата коопсуздук чараларын күчөтүүдө. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 21-мартта коомдук тартипти камсыздоо үчүн республика боюнча 6 миңден ашык милиция кызматкери тартылат.

Ички иштер органдарынын өздүк курамы 20-21-март күндөрү күчөтүлгөн режимде кызматын өтөшөт. Маанилүү объектилер коргоого алынат. Майрамдык иш-чаралар өткөрүлүүчү жайлардын коопсуздугун камсыздоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулат.

Ички иштер органдарынын бардык бөлүмдөрүндө коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого тартылган күчтөрдүн жана каражаттардын эсеби аныкталды. Ички иштер органдарынын нөөмөт бөлүктөрүндө күчөтүлгөн ыкчам тергөө топтордун кезметке туруулары уюштурулду.

Нооруз майрамын майрамдоонун алдында ички иштер органдарынын кызматкерлеринин ыкчам бөлүктөрү ыкчам алдын алуу мүнөзүндөгү рейддик жана атайын иш-чараларды күчөтүлгөн тартипте жүргүзүүдө.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан