19-март күнү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо америкалык ковбойлор менен кыргыз көк бөрүчүлөрү күч сынашты.
Биринчи оюн 18-мартта өтүп, 6:5 эсебинде кыргыз улакчыларынын жеңиши менен аяктаса, 19-марттагы экинчи оюнда ковбойлор 8:6 эсеби менен жеңишке жетишти.
Анда эмесе, оюн учурундагы америкалык ковбойлордун сүрөттөрүн тартуулайбыз. Сүрөт баяныбызда алардын сүйүнгөн жүздөрүн, кызыктуу эмоцияларын көрүүгө болот.