Экс-президент Алмазбек Атамбаев 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылында болгон окуя боюнча соттук отурумга бүгүн, 23-мартта Биринчи Май райондук сотуна алынып келинди.
Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошевдин айтымында, экс-президент сотко келгенден кийин унаадан түшүүдөн баш тарткан.
"Ал аба ырайына жараша кийинген эмес. Ал бир футболка кийип жүрөт. Аны ич кийими менен камерадан күч менен алып чыгышкан. Аны карга сүйрөгөнгө сакчылардын укугу бар беле?", - деди Жоошев.
Мындан тышкары, Замир Жоошев №47 колониянын башкы дарыгеринин корутундусун социалдык тармактагы баракчасына жарыялады. Анда Атамбаевдин жүрөгү менен омурткаларында көйгөйлөр бар деп жазылган. Бул ооруларына байланыштуу экс-президентти абакта кармоого жана соттук отурумдарга катыштырууга болбой тургандыгы белгиленди.
Жыйынтыгында Алмазбек Атамбаевди кайра абакка алып кетишти.