Алмазбек Атамбаевдин суукта ич кийимчен сотко келиши: ЖАК бул боюнча үн катты

Алмазбек Атамбаевди ич кийимчен сотко күч менен алып келди деген чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жазаларды аткаруу кызматынын басма сөз кызматкери Элеонора Шаршеналиева билдирди.

"Абактагы соттолуучунун кандай кийим кийүүсү өзүнүн эрки, сотко баргысы келбесе барбай деле койсо болот. Соттолуучуну унаага сүйрөп сала алышпайт, себеби кайтаруу күзөтү эч качан абактын ичине кирбейт. Соттолуучуну абактын кызматкерлери сыртка алып чыгат, андан кийин гана унаага түшөт. Алмазбек Атамбаевди сүйрөп келип унаага салган деп жазып жатышат, андай болбойт да, ал өз эрки менен унаага түшөт. Ал эми кандай кийим киет ал өз эрки, биз болгону сунуш беребиз", - деди ЖАКнын кызматкери.

Бүгүн, 23-мартта Алмазбек Атамбаевди суукта ич кийимчен күч менен сотко алып келгендигин анын жактоочусу Замир Жоошев билдирген.

Алмазбек Атамбаевди футболкачан сотко алып келишти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан