Кыйноолорду алдын алуу борборунун кызматкерлери абакка барып, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушкан учурда анын кыйноого кабылганы далилденди. Бул тууралуу Кыйноолорду алдын алуу борборунан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, 23-март күнү Алмазбек Атамбаев ден соолугуна байланыштуу соттук отурумга катышуудан жазуу жүзүндө баш тарткан. Анткени ал өзүн жаман сезип, жазуу жүзүндөгү арызын абактын жетекчисинин нөөмөтчү жардамчысына тапшырган.
"Бирок колдогу арызга карабай мекеменин кызматкерлери (10 кызматкер) сырт кийими жана бут кийими жок күч колдонуу менен көчөгө алып чыгып, коштоочуларга өткөрүп беришкен жана коштоочулар атайын унаага отургузууга мажбурлашып, аны күч менен сотко алып келишкен. Улуттук борбордун кызматкерлери Атамбаев менен болгон сүйлөшүүдө анын буттарынан жана колдорунан көк ала тактарды табышкан. Алмазбек Атамбаев табылган гематомаларды медициналык фиксациялоо сунушунан баш тартты", - деп билдиришти аталган борбордон.
Ошондой эле иштин материалдарын изилдөө учурунда Алмазбек Атамбаевдин өздүк делосунан анын жазуу жүзүндөгү арызы, ошондой эле №47 мекеменин кызматкерлери тарабынан түзүлгөн акт табылган эмес. Жыйынтыгында иштин материалдарында жогоруда көрсөтүлгөн документтердин жок экендиги жөнүндө улуттук борбор тарабынан акт түзүлгөн.
Мындан тышкары, улуттук борбордун кызматкерлери 23-мартта Алмазбек Атамбаевди сотко алып кетип жаткандагы видео көзөмөлдү көрүүгө аракет кылышкан. Бирок №47 мекеменин кызматкерлери серверге кирүү мүмкүнчүлүгү жок экенин айтып, видеону көрсөтүүдөн баш тартышкан.
Жогорудагы фактылардын негизинде Улуттук борбор тиешелүү органдарга кайрылуу жолдойт.
23-мартта Алмазбек Атамбаевди суукта ич кийимчен күч менен сотко алып келгендигин анын жактоочусу Замир Жоошев билдирген. Өз кезегинде Жазаларды аткаруу кызматы Алмазбек Атамбаевге карата күч колдонуу мүмкүн эместигин билдирген.