"Айлык аз, жумуш оор". Нарындагы сугат иштерине даярдыктар сүрөт баянда

Нарын шаарына болгон иш сапарыбыздын алкагында Нарын районундагы насостук станциялардын иши менен таанышып, көрүп келдик.

Нарын суу чарба башкармалыгынын башкы инженери Тимур Рысалиев быйыл жазгы сугат иштерине даярдыктар жүрүп жатканын билдирди.

"Быйыл жазгы сугат иштерине даярдыктар жакшы. Облуста даярдыктар күз мезгилинде эле башталган. Биздин облуска бюджеттен 2022-жылга 104 миллион сом бекитилди. Анын ичинен 12 миллион 400 миң сом (1-транш) бөлүнүп берилди. Ал каражатка күйүүчү май, запастык бөлүктөр, станцияларга цемент алып жатабыз. Техникалар 99 пайызы ишке даярдалды.

Облуста сугат мезгилинде өзөндөрдөн суу түшпөй калганда суу тартыштыгы жаралат. Башка учурда эч кандай көйгөй жаралбайт. Буюрса, быйыл суу тартыштык маселеси жаралбайт деп ишенебиз.

Быйыл Нарын облусу боюнча эки суу сактагыч курулат. Бири Жумгал, экинчиси Кочкор районуна курулмакчы. Каражат жана башка маселелер чечилген. Тендер жарыялоого даярдыктар жүргүзүлүп жатат. Быйыл курулуш иштерин баштоо планы бар", - деп билдирди ал.

Мындан сырткары Рысалиев учурда облус аймагында каналдарда суу бериле электигин кошумчалады.

"Облуста каналдарга суу берүү иши райондордо ар түрдүү убакытта башталат. Мисалы, Жумгал, Кочкор районунда 15-мартта, Нарын, Ак-Талаа районунда 30-мартта, Ат-Башы районунда 1-апрелде суу берүүнү пландаганбыз. Бирок аба ырайына байланыштуу учурда суу бериле элек", - деп кошумчалады ал.

Нарын райондук суу чарба башкармалыгынын башчысы Азат Турсуналы уулу райондун карамагында 6 насостук станция бар экенин, алар 8 754 гектар жерге суу берилерин билдирди.

"Нарын районунда 24700 гектар сугат баскан аянт болсо, анын ичинен 13 527 гектар аянты райондук суу чарба башкармалыгы тарабынан тейленет. Аталган аянтка сугат суусун жеткирүү үчүн райондук чарба башкармасынын карамагында 6 даана насостук станция бар. Ал станциялар менен 8 754 гектар жерге суу беребиз", - деп билдирди ал.

Облус боюнча жалпы 20 насостук станция бар.

Нарын облусунда жергиликтүү калк арпа, чөп, картошка айдап дыйканчылык кылышат.

Он-Арча-1 насостук станциясынын кызматкерлеринин курамын жергиликтүү тургундар түзөт. Ысык-суук күндөргө карабай эл кызматын аркалаган кызматкерлер айлыгы аз экендигин айтышты.

"Бул станцияда 20 жылдан бери иштейм. Бизде баары эле жакшы. Болгону айлык маянабыз аз. Акыркы жолу айлыгыбыз 2015-жылы көтөрүлгөн. Жумуш оор, кышкысын оңдоо иштери, жайкысын күнү-түнү иштеп, 3 айыл өкмөткө суу беребиз. Кызматкерлердин алды 6-7 миң сом маяна алышат. Азыркы кезде маянам айга жетпейт. 5 балам бар. Учурда азык-түлүк кымбаттады. Биздин маянабызды көбөйтүп берсе жакшы болмок", - деди станциянын кызматкери Турсунбек Байзаков.

Он-Арча - 2 насостук станциясы 1973-жылы ишке киргизилген.

"Станцияда 10 адам иштейт. 30-40 жылдык иш тажрыйбасы барлар 9-10 миң сомдун тегерегинде маяна алышат. Айлык аз. Акыркы учурда көптөгөн кесип ээлеринин маяналары көбөйтүлүп жатат. Ал эми суу чарба кызматкерлеринин айлыктарын көтөрүү тууралуу сөз боло элек. Биздин маянаны жогорулатып берсе жакшы болмок", - деди Он-Арча-2 насостук станциясынын жетекчиси Кубанычбек Бакиров.

Мындан сырткары кызматкерлер суугат мезгилинде атайын кийимдер (спец одежда) зарылдыгын кошумчалашты.

Он-Арча-2 насостук станциясынын кызматкерлеринин эс алуучу жайы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан