Ошто 5-кабаттан секирген окуучу кыздын башына операция жасалды

Ош шаарында 7-класста окуган 2 кыз көп кабаттуу имараттан боюн таштап, бирөө каза болуп, экинчиси ооруканага эс-учун жоготкон абалда түшкөн. Алгач бейтап облустар аралык клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Эртеси Ош шаардык балдар ооруканасына которулган.

Балдар ооруканасынын нейрохирургу, бейтаптын дарыгери Максатбек Базарбаев өспүрүмдүн бүгүнкү күнгө карата абалы тууралуу порталыбызга буларды айтты.

"Бейтап биздин ооруканага 18-мартта эс-учу жок абалда которулуп келген. Ал башынан жаракат алып (баш мээнин ачык жаракаты), оң колу сынган. Анын башына операция жасалып, уюп калган кандар тазаланды. Учурда нейрохирургия бөлүмүндө жатат, абалы туруктуу оор деп бааланууда. Акырындык менен эсине келип, сүйлөп, кыймылдап баштады. Алдыда анын колуна операция жасалары күтүлөт", - деди адис.

Белгилей кетсек, Ош шаарында 17-мартта эки окуучу кыз 5-кабаттан боюн таштаганын Ош ШИИБинен кабарлашкан. Анын бири каза болуп, экинчиси оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөнү, абалы оор экени маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан