Мен көргөн бир күн: Караколдогу эки аялдын сырдуу өлүмү. Абышкасын кемпири салып берген окуя

SUPER.KG порталы ар бир кесиптин ээлеринин иш учурундагы башынан өткөргөн, өмүр бою эсинен кетпей турган окуяларын баяндоону улантат. Бул ирет өзүнүн окуясын Ысык-Көл ОИИБинин Тергөө кызматынын начальниги, милициянын полковниги Кумар Кабылбеков айтып бермекчи.

Кумар Кабылбеков 1972-жылы Каракол шаарында туулган. Орто мектепти 1990-жылы аяктап, Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетин инженер-педагогикалык факультетине тапшырган. 1997-жылы Бишкек шаарынын Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин юридикалык факультетин артыкчылык менен аяктаган. Эмгек жолун 1999-жылы Түп районунун Күзөт бөлүмүнүн милициясы болуп баштаган. Кызматтан жогорулап отуруп 2021-жылдан азыркы күнгө чейин Ысык-Көл ОИИБинин Тергөө кызматынын начальниги болуп эмгектенет. Милицияда кызмат өтөп жүргөндө жетишкендиктери жана өзгөчө оор кылмыштарды тергеп, бетин ачкандыгы үчүн көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон. Милициянын отличниги жана көптөгөн медалдардын жана ардак грамоталардын ээси. Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.

"2003-жылдын 13-февраль күнү Каракол шаарынын Шелководная көчөсүнүн 13-үйүнөн кошуналар эки аялдын ѳлүгүн табышкан. Алар эже-сиңдилер болушкан. Экөө тең мыкаачылык менен бычакталган абалда табылган. Кошуналарды суракка алганда, бирөөсү бул үйдө 12-февралда саат 21:00 чамасында “Петро, остановись” деген үндү укканын айткан. Ыкчам кызматкерлерге маркумдардын туугандарынын арасынан Пётр аттуу адамдарды табууга тапшырма бердим. Пётр аттуулардан 10 киши аныкталып чыгып, алар боюнча ыкчам иштер жүргүзүлѳ баштады. Кызматкерлер киши колдуу каза болгондордун Пётр аттуу кошунасын аялы менен алып келишти. Мен иш бѳлмѳгѳ кирсем, ичинде жапалдаш бойлуу абышка отуруптур. Мен анын көзүн карасам, ал мени карабастан полду карамыш болуп, менден көзүн ылдый түшүрдү.

Кызматкерлерге аялын менин иш бѳлмѳмѳ алып келгиле деп тапшырма бердим, аялы кабинетке келгенде анын жанында кичинекей 4-5 жаштагы кыз бар экен. Бул ким деп сурасам чөбөрөм деп жооп берди. Сурак жүргүзүп жатканда мен аялды карап турдум, ал ошондо чөбөрөсүн абдан кучактап бир нерседен коркуп тургансыды. Мен ойлонгонго убакыт бербей, “сиздин чалыңыз, эгерде эки киши өлтүрүп, кылмыш жообуна тартылбай, кийин небереңизди жана чөбөрөңүздү өлтүрүп салса, буга ким күнөѳлүү болот десем, ал катуу ыйлап баштады, мен аны ыйлабаңыз деп соорото баштадым. Ал болсо менден “мен бардыгын айтып берейин, бирок абышкама бул тууралуу эч нерсе айтпа”, - деп суранды.

Көрсө, 13-февралда анын күйөөсү Пётр кошунасынын үйүнө барып келейин деп саат 20:00 чамасында үйдѳн чыгып кеткен. Алардын мамилелери абдан жакшы болгон. Эки сааттан кийин күйөөсү келип, мончого кирип кеткен. Эртеси кѳчөгө чыгып, кошуналары каза болгонун угат. Кошуналар буларды бирөөлөр өлтүрүп кетти дегенин угуп, үйгө келип күйөөсү Пётр короодо отун жарып жатканын кѳрөт. Ал окуяны ага айтса, күйөөсү үйүнө барып бир саат отуруп келгенин айтат. Ал кошунанын үйүнө барганын эч кимге айтпашын суранат. Үч күндѳн кийин милиция кызматкерлери келип күйѳѳсүн үйдѳн салып кетишет. Алар кеткенден кийин аял мончодо күйѳѳсүнүн жуулган, муз болуп тонуп калган эски курткасын жана шымын табат. Бул кийимдерди күйѳѳсү кошуналар ѳлгѳн күнү кийип жүргѳн. Наташа коркуп кетип, кийимдерди баштыкка салып эч кимге кѳрсѳтпѳстѳн катып койгон. Мен “сиз айтып бергениңизди күйѳѳңүзгѳ айтпайм" деп убада берип, үйүнө узаттым.

Мен үйүнѳ барып, тинтүү учурунда мончонун мешинен мээлейлерди таптым, аларда кишинин канына окшогон тактар бар экен, мындан тышкары үйдѳн жуулган куртка менен шымды таап чыктым. Пётр кошунасынын үйүнѳ барса, ал эжеси экѳѳ тамак ичип отуруптур, кел чогуу ичели деп аны чакырышкан. Анан бир бѳтѳлкѳ арак алып чыгып иче башташкан. Бир маалда аялдын Орусияда чоң кызматта иштеген жалгыз баласы уюлдук телефонго чалып калган. Ал баласы менен сүйлѳшкѳнгѳ башка бѳлмѳгѳ чыгып кеткен, бир аз убакыттан кийин келип, Пётрду үйдѳн чыгып кет алкаш деп кубалай баштаган. Пётр аны түртүп жиберсе, анын карыган эжеси столдо турган сковородка менен Пётрду башына чаап жиберген. Пётр жини менен столдо турган чоң бычакты алып бир нече жолу аны сайып жиберген. Аял бакырып коридорго чыгып баратканда, аны кубалап жетип дагы бир нече жолу бычак менен артынан сайып жиберген. Жаткан аял туруп алып, сыртка качкан. Пётр аны кубалап жетип, бычак менен тѳш жакка бир нече жолу сайганда “Пётр, остановись” деп бакырып колу менен каршылык кѳрсѳткѳн. Пётр бычак менен уруп жиберип, колун кесип, тѳш жакка дагы бир нече жолу сайган. Ошондо Пётр ѳзүнѳ келип, эки кишини ѳлтүрүп салганын билип, эмне кыларын билбей, анан ойлонуп, бычакты ыргытып, үйдүн ичине кайра кирип оокаттарды конторуп чачып, бирѳѳлѳр атайын тоноо максатында ѳлтүрүп кеткендей кылып кеткен. Анан дарбазаны бекитип, ачкычты сарайдын үстүнѳ ыргытып жибергенин айтып берди.

Мен эртеси кайрадан окуя болгон жерге Пётрду алып барып, кардын ичинен бычакты жана ачкычты таап чыктым. Сот Пётрдун карылыгын эске алып 12 жылга эркиндигинен ажыратты. Аялы Наташа түрмѳгѳ бир нече жолу барып, эки жылдан кийин катуу ооруп каза болуп калган. Небереси болсо үйлѳрдү сатып, үй-бүлѳсү менен Орусияга кѳчүп кеткен. Ушинтип Каракол шаарында 2 адамдын киши колдуу каза болгон ѳзгѳчѳ оор чоң кылмыштын бети ачылган. Болбосо шаарда жалгыз жашаган пенсионерлердин үйлѳрүнѳ бир кылмыштуу топ барып, аларды ѳлтүрүп жүрѳт деген ушактар тараган болчу. Белгилеп кетким келет, тергѳѳчүнүн жумушу кызык, ал кылдаттык менен бардык нерсени байкаш керек, кѳзгѳ кѳрүнбѳгѳн кичинекей нерсе, чоң кылмышты ачканга жардам берет. Суракка алган киши менен психикалык жактан контактыга кириш керек, аны ѳзүнѳ жакындатып, ишендириш керек, ошондо ал сага бардык чындыкты айтып берет", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан