"Алыкуловго кызыл айып кагазы". Кыргыз футболчулары Тажикстандын футболчулары менен кагышып кетти

Бүгүн, 29-мартта Өзбекстанда өтүп жаткан "Navruz Cup 2022" эл аралык мелдешинин алкагындагы Тажикстан курама командасына каршы оюнда Гүлжигит Алыкулов кызыл айып кагазын алды.

Алгач Тажикстандын футболчусу Манучер Сафаров Гүлжигит Алыкуловго каршы оюн эрежесин бузган. Ага Гүлжигит тура калып жооп берип, сөз сүйлөгөндө ортодо кыска жакалашуу орун алды. Аларды арачалоого келген эки тараптын футболчуларынын ортосунда кыска кагылышуу орун алды.

Жыйынтыгында калыс Гүлжигит Алыкуловго жана Манучер Сафаровго кызыл айып кагазын көрсөтүп, Тажикстандын дагы бир оюнчусуна сары айып кагазын көрсөттү.

Тажик футболчулары эмнегедир кызуу кандуулук менен оюн алып барып жатат. Калыс дагы эки оюнчусун сары айып кагазы менен сыйлады.

Учурда оюн уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан