Фотоальбом: Красавчик лакап аты унутулуп, Бакдөөлөтиктин образы менен эсте калган Эрмек Таалайбековдун сүрөттөрү

"Тамашоу" Лигасынын "Ак-Өргө city" командасынын оюнчусу, актёр Эрмек Таалайбеков бүгүн, 30-мартта 30 жашка толду. Акыркы жылдары кино жаатында өзүн сынап жүргөн актёрдун бала чагынан белгилүү болгонго чейинки сүрөттөрүн топтодук.

Эрмек Таалайбеков 1992-жылы 30-мартта Жалал-Абад облусуна караштуу Тогуз-Торо районунун Казарман айылында төрөлгөн. Ал 1 жашка толгондо үй-бүлөсү Казармандан Бишкектин Ак-Өргө конушуна көчүп келип, жашап калган. Орто мектепти аяктагандан кийин Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин кыргыз-герман техникалык факультетин бүтүргөн.




"Тамашоудо" ойнойм деген каалоосу күчтүүлүк кылып "Ак-Өргө city" командасын түзгөн. "Тамашоуго" башында Эрмек, ди-джей Улик жана Талант деген бала болуп үчөө эле барган. Команданын калган мүчөлөрү кийинчерээк кошулган.

Анын сахнадагы лакап аты Красавчик болчу. Ал "неге мынча сулуумун?" деген фишка сөзү тууралуу: "Кичинемден эле күзгүгө карап "неге мынча сулуумун?" деп өзүмө өзүм ашык боло берчү экенмин. Бир жолу атамдан "биздин тукумда мендей сулуулар болгонбу?" деп сурасам, "жок, балам, сулуулар болгон эмес, бирок мактанчаактар бар болчу" деген эле. Ал эми сахнада бул сөздү ушундай кебетем менен сулуумун десем күлкүлүү болобу деген максатта эле айткам. Өзүмдү "красавчикмин" деп эсептебейм. Кыздар айтышат "сүйкүмдүүсүң" деп, ошондой болушум керек", - деген.


"Тамашоудон" таанылган "красавчик" жигит "До+Фа 1, 2", "Султан Сулайман", "Гонщик таксист", "Браво", "Пентхаус", "Курут", "Супер кудалар-1-2" тасмаларында, "Кошунаны тандабайт" сериалында роль аткарган.


2017-жылы Бекзада аттуу айымга үйлөнгөн. Учурда сценарий жазып, режиссёрлук менен алектенип жүрөт.

30-мартка жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан