Парламентте Улуттук банктын пайдасынан республикалык бюджетке түшүүчү чегерүүлөрдүн өлчөмүн көтөрүү сунушу талкууланды

Бүгүн, 29-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Улуттук банктын пайдасын которуу маселелери жөнүндөгү” мыйзам долбоору биринчи окууда каралды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жыйында баяндама жасаган финансы министринин орун басары Илияз Иманбетов мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын пайдасынан республикалык бюджетке түшүүчү чегерүүлөрдүн өлчөмүн 2021-2022-жылдарга жетимиш пайыздан токсон пайызга чейин көбөйтүү жолу менен республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн көтөрүү максатында иштелип чыкканын маалымдады.

Талкуу учурунда депутат Өмүрбек Бакиров Улуттук банк кирешелерин кайсы булактардан алып жатканын сурады.

Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев ички жана тышкы каражат жүгүртүүлөрдөн киреше алынарын айтып, 2021-жылы 9,2 миллиард сом пайда алынганын белгиледи. Анын 10 пайызы гана калтырылса, 920 миллион сом болорун кошумчалады.

“Ал резервге которулуп, чыгашаларга жумшалат. Учурда Улуттук банктын резервинде 8 миллиард сом бар”, - деди Кубанычбек Бөкөнтаев.

Белгилүү болгондой, буга чейин "Улуттук банк, банктар жана банк иштери жөнүндөгү” мыйзамдын 23-беренесине ылайык республикалык бюджеттин кирешесине которулууга тийиш болгон Улуттук банктын пайдасын чегерүү өлчөмү жетимиш пайызды түзүп келген.

Ал эми депутат Эльдар Сулайманов мындай өзгөртүү Улуттук банкка кандай таасир берерин сурады.

Өз кезегинде Кубанычбек Бөкөнтаев буга чейинки 70 жана 30 пайыздык бөлүштүрүү оптималдуу болгонун жүйө келтирип, бирок республикалык бюджетти толтурууга багытталган жаңы эрежеге ылайык иш алып барууга даяр экендиктерин билдирди.

Ошондой эле депутат Шаирбек Ташиев ломбарддардын ишин жөнгө салуу, микрокредиттик-финансылык компаниялар жана коммерциялык банктар тарабынан берилген насыялардын үстөк пайызын төмөндөтүү боюнча буга чейин бир катар сунуштарды бергенин жүйө келтирип, бул жаатта кандай иш-чаралар жүргүзүлүп жатканын сурады.

Өз кезегинде Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев бул жаатта керектүү чаралар көрүлүп жатканын белгилеп, бирок тийиштүү мыйзамдарга ылайык насыялардын пайыздык чендери атаандаштыктын негизинде жөнгө салынаарын маалымдады. “Эгер мыйзам бузуу болсо керектүү чектөөлөр киргизилет”, – деди.

Муну менен катар депутат мамлекеттик банктардын бөлүмдөрүн бардык жерде ачып, банкоматтарын да көбөйтүү керектигин кошумчалады. “Ал жакта шарттар жакшырганда гана атаандаштыкка туруктуулугу жогорулап, насыялардын пайызы төмөндөйт”, – деп белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан