Доллардын куну кайра жогорулашы мүмкүнбү? Эксперттердин пикири

Өлкөдө акыркы убакта чет элдик валюталардын курсу туруктуулугун жоготту. Анда доллардын баасы кескин кымбаттап, рублдун курсу төмөндөдү. Мындай кырдаал экономикалык карым-катышта жашаган кыргыз элине бир топ таасирин тийгизди. Товарлардын, анын ичинде азык-түлүктүн наркы кескин жогорулап, элдин санаасын алды.

Бүгүн, 31-мартка карата доллардын баасы кыйла төмөндөдү, тагыраагы доллар сатып алуу 82 сомдон болсо, долларды сатуу 84 сомдон болууда.

Эксперттерден доллардын курсунун туруксуздугунун себебин сурап, пикирлерин угуп көрдүк.

Улуттук бизнес ассоциациялар альянсынын жетекчиси, экономист Искендер Шаршеевдин айтымында, доллардын курсу кайра жогорулашы мүмкүн.

"Доллардын курсу дагы бир аз түшүп, кайра жогорулашы ыктымал. Кыска убакыттын ичинде доллардын баасынын түшүшү базарга доллардын талаптан жогору сунушу чоңоюп кетишинде. Тактап айтканда, Орусиядагы санкциялардан качкан жарандар өлкөгө келип капиталын, долларын сомго алмаштырып жатат деген ойлор бар. Бирок бул нерсе кошумча дагы текшерилиши керек", - деди экономист.

Экономика илимдеринин доктору, профессор Төлөнбек Абдраев доллардын курсунун туруксуздугу дүйнөлүк түрдүү процесстердин таасиринин алдында болуп жатканын айтат.

"Мамлекеттин доллардын баасынын туруксуздугун токтото турган атайын механизмдери бар. Биринчиден, Улуттук банк интервенция жасайт. Базарда доллардын жетишсиздигин камсыздоо үчүн жетиштүү долларды чыгарышат. Былтыр доллардын куну туруктуу болсун деп 100 миллион доллар интервенция болгон. Быйыл 3 айдын ичинде 280 миллион доллардын тегерегинде интервенция болуп жатат.

Экинчи маселе, бизде ачыктан айтылбаса дагы доллар көп сатылбай жатат. Дүрбөлөң чыгып кетпесин деген максатта.

Жакшы түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Улуттук банк интервенция жүргүздү. Мунун натыйжасында доллардын куну түштү.

Азыркы учурдагы доллардын курсу биз үчүн пайдалуу. Анткени чет өлкөлөрдөн товарлардын 77 пайызын импорт кылып алып келебиз. Анын ичинен 80 пайызын азык-түлүк түзөт. Доллардын баасы кымбат болсо, товарлардын, азык-түлүктүн бааларынын өсүшүнө шарт түзөт.

Үчүнчүдөн, дүрбөлөң тынчып калганы ЕАЭБдин (Евразиялык экономикалык биримдик) алкагында сүйлөшүүлөр болду. Орусиядан келе турган продуктулар сом, рубль менен жүргүзүү үчүн ички механизмдерин иштеп чыгып жатат дегенден кийин бизде көп импорт менен соода кылып жүргөн ишкерлер долларды көп өлчөмдө сатып албастан, күтүп отурган кези. Рубль менен соода жүргүзсөк биз үчүн натыйжалуу болот.

Төртүнчүдөн, доллардын бүгүнкү күндөгү куну биздин өлкө үчүн пайдалуу. Себеби өткөндө доллар 10 сомго кымбаттап кеткенде мамлекеттин тышкы карызына дагы 30 миллиард сом кошулду. Тышкы карыз доллар менен алганбыз, доллар мене төлөшүбүз керек", - деп билдирди Абдраев.

Экономика боюнча эксперт Төлөнбек Абдраев валюталар курсунда өзгөрүүлөр орун алышы ыктымалдыгын кошумчалады.

"Рублдын куну мындан ары көтөрүлүп кетиши мүмкүн. Орусия экспортко кете турган товарларын рубль менен сатабыз деп калышты. Мында европа өлкөлөрү рублды сатып алууга аракет кылышат. Рублдын куну бекемделип, туруктуу боло баштайт. Бирок ушул эле жагдайда батыш өлкөлөрү рубль менен соода жүргүзүүдөн баш тартып, долларды сунуштаса дагы өзгөрүүлөр болушу ыктымал", - деп кошумчалады Абдраев.

Доллардын курсунун туруксуздугу тууралуу бир катар суроолор менен Улуттук банкка кайрылдык.

- Доллардын курсу канча сомго чейин түшүшү күтүлүүдө?

- Биздин өлкөдө өзгөрүлмөлүү алмашуу курсу саясаты жүргүзүлгөндүгүнө байланыштуу Улуттук банк кандайдыр бир алдын ала божомолдоолорду жасабайт. Валюталар курсу тийиштүү убакыт ичинде рыноктын катышуучулары тарыбанан суроо-талапка жана сунуштарга жараша аныкталат. Ал эми кескин өзгөрүү болуп кетпеши үчүн Улуттук банк дайыма валюта рыногуна көзөмөл жүргүзүп турат жана керек убагында тийиштүү иш-аракеттерди аткарат.

- Доллардын баасы арзандап жатканынын себеби эмнеде?

- Учурда валюта рыногунда абал салыштырмалуу туруктуу бойдон калууда. Жыл башынан 28-мартка чейин алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн турукташтыруу максатында Улуттук банк 284 миллион 30 миң доллар суммасында чет өлкө валютасын сатуу боюнча интервенцияларды жүргүзгөн.

АКШ долларынын курсунун кыргыз сомуна карата төмөндөшүнө токтоло турган болсок, алмашуу курсу калктын жана ошондой эле ар кандай бизнес-коомчулуктун чет элдик валютасына болгон суроо-талабынын жана сунушунун учурдагы балансынан келип түзүлөт. Суроо-талап менен сунуштун тең салмактуулугуна тышкы фактор сыяктуу эле ички факторлор дагы таасир этет.

- АКШ долларынын курсу кайра көтөрүлүп кетиши мүмкүнбү?

- Учурда Кыргыз өлкөсүнүн соода боюнча өнөктөш өлкөлөрү (биринчи кезекте Орусия жана Казакстан) менен соода жүргүзүүнүн шарттары биздин өлкөнүн экономикасын макроэкономикалык туруксуздукка алып келүүчү олуттуу тең салмаксыздыкты жаратпайт. Бирок кыска мөөнөттүү сыяктуу эле узак мөөнөттүү келечекте өнүгүүнүн белгисиздик жагдайы күч алууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан