Өткөн жылдын 22-ноябрда президент Садыр Жапаров Чүй облусунун Сокулук районунун Новопавловка айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Ордо-3 конушунун жашоочулары менен жолуккан. Анда президент элдин көйгөйүн угуп, дээрлик 20 жылдан бери чечилбей келе жаткан мыйзамсыз басып алынган жер тилкелерин мыйзамдаштырып, тез арада конуштагы тилкелерге ээлик кылууга укук берүүчү документтерди жана техникалык паспортторду берүү тапшырмасын президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишевге берген.
Бирок Ак-Ордо-3 конушунун Зайнидин-Ата көчөсүнүн айрым тургундары 520-контурдун квартал башчысы Алмагүл Сейитбекова жер тилкелерин каттоодо мыйзамсыз документтерди сурап, анын үстүнөн акча жасап жатканын айтып чыгышты.
Аталган Зайнидин-Ата көчөсүнүн жашоочусу Мирлан Койчубаев буларга токтолду.
"Квартал башчы Алмагүл Сейитбекова мыйзамсыз акча чогултуп жатат деп шектенүүдөбүз. Анткени президент Садыр Жапаров мыйзамсыз басып алынган жерлерди мыйзамдаштыруу үчүн бир гана паспорт керек деген. Бирок квартал башчы 10 кошунанын колу коюла турчу акты түзүш керектигин айтты. Аны бир чогулуштан угуп келиптир. Мамлекеттик каттоо кызматынан ала турчу маалымкаттарыбыз дагы бар. Бул жагын түшүнүү менен кабыл алдык. Бирок актынын кагазын 50 сомдон сатып жатат. Өзүнүн колу дагы 50 сом. 520-контурда 1500дөн ашык жер тилкеси бар. Алардын баарынан чогултканда бир далай акча топтолот. Бул акчалар айлык жана кагаз үчүн көп. Калганы кайда жумшалары белгисиз. 50 сомдон тышкары башка акча чогултканы бар. Аларды айтып отурсам көп сөз болот. Биз мамлекеттик каттоо кызматына барып, ушундай акты керектелеби деп тактаганда, жок болуп чыкты. Мындай талап жок экен. Мындан улам бизде шектенүү пайда болду. 520-контурдун бардык жашоочулары чогулган жок. 10 чакты жашоочулар гана өз оюбузду ачык айтып жатабыз. Жашоочулардын көпчүлүгү квартал башчы Алмагүл Сейитбековадан коркушат жана жерлерин тарттырып жибербөө максатында анын сөзүнөн чыгышпайт", - деди жашоочу.
Аталган контурдун жашоочуларынын бири Токтобү Рүстөмова Алмагүл Сейитбекованы өзүнчө бир хандык куруп алган дейт.
"Алмагүлдү эч ким квартал башчы кылып шайлаган эмес. Аны мурунку квартал башчы депутат болуп кеткенден кийин ордуна өзү эле даярдап кетти окшойт. Кыскасы, ал аял бул жерди каалашынча калчайт. Биздин жер мамлекеттин карамагына өтө элегине байланыштуу, бул аял айлансындагылар менен өзүнчө бир мыйзамдарды түзүп алган. Свет менен сууну каалаган учурунда өчүрүп кетет. Бул аялдын жакшы жагын да айтыш керек. Акчаны элден чогулту свет коюп, суу чыгарды. Анан светтин акчасын 5 күн кечиктирсең кесип кетет. Азыркыга чейин светин кошо албагандар бар. Алмагүлдөн корккондуктан унчукпай отурушат. Мени менден уруксат сурабай мончо салды дептир. Мен эмне ар бир кадамымды андан сурашым керекпи? Бир жолу "акимияттан киши келет, чай беребиз" деп ар бир үйдөн 200 сомдон чогултту. Жашоочулар көп болгондуктан чогулган акчага ресторанга той берсе болот. Ушул өңдүү таң калыштуу кылыктары толтура. Бир нерсе десең бул макулдашылган деп чыгат. Бизди чогулушка чакырып, ага катышты деп кол койдурчу. Көрсө, ал колдорубузду башка кызыкчылыктары үчүн пайдаланчу экен", - деди ал.
Биз экинчи тараптын оюн чагылдыруу үчүн Алмагүл Сейитбекованын иш кеңсенине барып таба алган жокпуз. Бирок аны Новопавловка айыл өкмөтүнүн аймагынан таптык. Бирок ал бул айтылган кептер көрө албастардын каралоосу деп баалады.
"Мен мыйзамдуу иштейм. Эч кимдин акчасын жеген эмесмин. Эл үчүн свет жана суу чыгардым. Көп нерселерди жасадым. Мага элдин баары нааразы эмес, болгону 5 адам мени көрө албай каралап жатат. Мен маалымкат үчүн 50 сом алганым ырас. Аны өкмөт башчы да билет. Мыйзамдуу түрдө мөөр алганбыз. Мени айыл өкмөт башчысы шайлаган. Мурун эл шайлачу. Менин угушум боюнча кийин түз эле айыл өкмөт башчысы шайлап калган" - деди ал.
Мыйзамсыз иштерден шектенген жашоочулар Новопавловка айыл өкмөтүнө бул көйгөйлөр боюнча оозеки кайрылышкан. Бирок айыл өкмөт башчы Орозбек Омуров алар жазуу түрүндө кайрылган күндө да териштире албай тургандарын айтты.
"Бул аймак мыйзамсыз басып алынгандыктан мамлекет тааный элек. Картада талаа боюнча турат. Биз суусун чыгарып, светин коюп берген эмеспиз. Алар өздөрү баарын жасап жатышат. Азыркы маселеге биз кийлигише албайбыз. Жашоочулар милицияга кайрылышы зарыл. Ал квартал башчысын айыл өкмөтү эмес, эл шайлайт. Аны өздөрү каалаган учурда алмаштыра алышат. Маалым каттар боюнча айта турган болсом, биз эч кандай кагаздарды талап кыла элекпиз" - дейт айыл өкмөт башчы.
Биз аталган документтердин талап кылынышын тактоого аракет кылып, Мамлекеттик каттоо кызматына байланыштык. Басма сөз катчы бул маселеде жер ээлеринин өздүгүн аныктаган документтер жана жер ээсинин ал жерде жашагандыгын тастыктаган квартал башчысынын маалым каты, андан сырткары кошуналарынын колу керек. Бирок алар квартал башчы талап кылган маалым каттын туура эместигин айтышты. Талапка ылайык, кошуналардын баары бир кагазга кол койбойт, ар бири өзүнчө кагазга белгилүү бир үлгүдө жазышы зарыл.
Материалдын видео версиясы менен төмөндөн тааныша аласыз.