
Төкмө акын
Жеңишбек Жумакадырга Кыргыз Республикасынын Эл акыны наамы тапшырылды. Бул тууралуу Маданият, мааалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, сыйлыкты мамлекеттик катчы Сүйүнтбек Касмамбетов тапшырды. Сыйлык тапшыруу аземи Кыргыз улуттук “Манас” театрында өттү.
Эске сала кетчү нерсе, төкмө акын сыйлыкты жай айларында алган, бирок жеке иштери менен АКШда болгондугуна байланыштуу сыйлык тапшыруу аземине катыша алган эмес.
Белгилей кетсек, 31-августта президент
Садыр Жапаров бир катар маданият өкүлдөрүнө мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу жарлыгына кол койду. Ага ылайык, 5 акынга Кыргыз Республикасынын Эл акыны наамы
ыйгарылган.