Жолугушууда борбор калаанын муниципалитети менен Кытайдын шаарларынын ортосундагы мындан аркы мамилелерди өнүктүрүү жана бекемдөө маселелери талкууланды.
Өз кезегинде Ду Дэвэн Циндао шаарынын муниципалдык элдик өкмөтү Дэн Сяопин кең көчөсүн жакшыртуу боюнча иштерди баштоо үчүн каражат бөлүүгө даяр экенин эске салды. Шаардык кызматтар эскиздик долбоорун даярдоолору зарыл.
Мындан тышкары “Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун экинчи фазасын ишке ашыруунун жүрүшү, үчүнчү фазасынын башталышы жана борбор калаада санариптештирүүнү тездетүү маселелери талкууланды.