Жогорку Кеңештин "Элдик" депутаттык тобу Бишкектеги таштанды төгүүчү жайда көчмө жыйын өткөрдү

Бүгүн, 1-апрелде Жогорку Кеңештин “Элдик” депутаттык тобу Бишкектеги таштанды төгүүчү жайда көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жыйынга мэриянын тиешелүү жетекчилери катышып, таштанды маселелери жана аны чечүү жолдору талкууланды.

Буга чейин Бишкектин түндүк тарабындагы таштанды төгүлүүчү жайды иретке келтирүү максатында Европа өнүктүрүү банкынан 22 миллион евро кредиттик жана гранттык негизде акча каражаты алынган.

Учурда 22 миллион евронун 10,5 миллион евросу иштетилип, бирок таштанды төгүлүүчү жайда көңүл жылытарлык иш болбогону белгилүү болду. Депутат Тазабек Икрамов: “22 миллион акча каражаты максатсыз иштетилип, коррупциялык жагдайлар бар экенин тастыктап турат. Бул үчүн депутаттык комиссия түзүп, каражаттын кандай пайдаланылганын тыкыр иликтеп чыгуу керек”, - деди.

Ушундай эле пикирге токтолгон депутат Жалолидин Нурбаев: “Санитардык эрежелер сакталбагандыктан жарандардын ден соолугуна коркунучтар жаралышы толук мүмкүн. Себеби бул жерде таштанды терген адамдар кечкисин коомдук унаалар менен шаардын туш тарабына барат. Эгер зыяндуу бактериялар болсо, ал жугуштуу ооруга айланып жарандарга жайылышы ыктымал”, - деди.

Андан соң көчмө жыйын Бишкек шаарынын мэриясында уланып, анда таштанды маселеси боюнча калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыровдун маалыматы угулду.

“Таштанды төгүлүүчү жайга деп бөлүнгөн 22 миллион евро максатсыз иштелген. Кайра иштетүү боюнча завод куруу сунушу менен бир топ инвесторлор келген. Тилекке каршы, мурдагы мэрлер эмнегедир заводдун курулушуна кызыкдар болгон эмес. Азыр завод куруу ниетин билдирген инвесторлор менен сүйлөшүү иштери жүрүп жатат. Жыйынтыгын 2 айдын ичинде билдиребиз”, - деди

Жыйын соңунда каражаттын кайда кеткенин иликтөө максатында депутаттык комиссия түзүү чечими кабыл алынды.

Белгилей кетсек, Бишкектеги таштанды жайы 1978-жылдан бери колдонулуп жатат жана убагында 400 миң кишиге эсептелген. Азыр борбордо миллиондон ашык киши жашайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан