Президент Садыр Жапаров Орозо айынын башталышы менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров Орозо айынын башталышы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Бүткүл дүйнөдөгү мусулмандар үчүн өзгөчө ай болуп саналган Орозо айы акыркы эки жылда белгилүү чектөөлөр менен өтүп келгени белгилүү.

“Он эки айдын султаны” деп аталган бул айда жараткан мээримин чачып, кечиримдүүлүктүн эшиктери ачылып, жакшы тилектер эселенип кабыл болору айтылат. Демек, бул айда адамдардын бири-бирине болгон урмат-сыйын бекемдөөгө чоң мүмкүнчүлүк жаралат. Орозо жан дүйнөнү руханий жактан тарбиялап, адамдарды ырайымдуулукка, сабырдуулукка жана адептүүлүккө үйрөтөт. Ошондуктан улуу айдын урматына Жараткандан дүйнө жүзүндө болуп жаткан саясий-экономикалык каатчылык маалында жалпы адамзат баласына кечиримдүүлүктү жана мээримдүүлүктү тилейли.

Ошону менен бирге, эзелтен эле кыргыз калкыбыздын улууну урматта, кичүүнү ызаатта деп чакырык салган каада-салттарын бүгүнкү муун дагы кынтыксыз улантып кетерине ишенем.

Бабалардан калган кааданы улап, ата салтына уюп келе жаткан мекендештерибиз бири-бирин кечирип, бири-бирине болгон ымаласын арттырып, мекенге болгон сүйүүсүн бекемделе берсин. Колу ачык, март жарандарыбыз калктын муктаждыктарын чечип, ажатын ачып, кайрымдуулук иштерине себепкер боло беришине тилектешмин", - деп айтылат куттуктоодо.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан