ЖЫЛНААМА, 4-АПРЕЛЬ: Интернеттин эл аралык күнү

Интернет - бул бириктирилген компьютердик тармактардын бүткүл дүйнөлүк желеси. Дүйнөлүк желе маанисиндеги интернеттин пайда болуу тарыхы XX кылымдын экинчи жарымына барып такалат. 1957-жылы АКШнын Коргоо министрлигинин алдында уюшулган Алдыңкы Изилдөө долбоорлорунун агенттиги (ARPA) 1969-жылдын 1-сентябрында изилдөө институттардын ортосундагы компьютер аркылуу маалымат алмашууну камсыз кылган алгачкы бириккен желени түзүп чыгат. Интернеттин бул алгачкы түрү биринчи "Арпанет" деген аталышта дүйнөгө жайыла башайт. Ал эми 1971-жылы "Bolt Beranek and Newman" аттуу компьютердик фирманын программисти Рэй Томлисон алгачкы электрондук почтаны жана @-электрондук белгини иштеп чыгат. 1982-жылы "Арпанет" TCI/IP аталыштагы бирдиктүү тармактык тилди түзүп чыгуу менен азыркы интернет келип чыккан.
Кыргыз мамлекетине болсо интернет 1995-жылдан тартып келе баштаган. Алгач болуп интернет баракчаларын чектөөгө алуу 1999-жылдан баштап катталган. Бул жылдардан тартып, Кытай, Сауд Арабия, Иран, Египетте диний жана саясий көз караштарга туура келбеген сайттарга чектөөлөр киргизилген.
Интернеттин пайдасы

Бүгүнкү күндө миңдеген адамдар океандын ары жагында жашаган адамдар менен интернеттин жардамы аркылуу баарлаша алышат. Ар кандай платформалар аркылуу өз ара аракеттенүүгө мүмкүнчүлүк берет, мисалы, бөлүшүү мүмкүнчүлүгүн берген программалык камсыздоо, жеке же топтук видеоконференциялар, кааласа башка жабдууларды көзөмөлдөө, башка нерселер. Маалыматты издөө мүмкүнчүлүгүн кеңейтет. Адамдар издеп жаткан маалыматты интернет желесинен каалаган учурунда таап алышат. Маалымат топтому жагынан сактоо жана кызматташуу жөндөмдүүлүгүнүн аркасында Интернеттен белгилүү бир тема боюнча көптөгөн вариацияларды таба аласыз, бул иш-аракет үчүн жакшы жана бир нерсе жөнүндө толук маалымат берүү, суроо берүү жана сурап билүү. Интернеттин жакшы жактарын санай берсе санак жетпейт.

Интернеттин заяны

Интернеттен акча таап, көңүл ачабыз. Бирок ар бир нерсенин терс жактары болушу мүмкүн. Мисалы, а дегенде эле ден соолукка зыяндуулугу тууралуу айтсак, көзгө зыян. Андан сырткары омуртканын оорушуна шарт түзөт. Издеген маалыматты токтоосуз табуу адатта адатта туура эмес маалымат, кандайдыр бир сөздөрдү тереңирээк издөө же суракка албоо, аналитикалык жөндөмсүздүк, көчүрүү жана чаптоо адаттары сыяктуу кесепеттерге алып келет, бул плагиатты көп колдонууга алып келет. Бул студенттер үчүн кыйла зыяндуу. Сигналдын жоктугу же анын аздыгы, аны толугу менен колдонууга таасирин тийгизип, кандайдыр бир функцияны иштен чыгарат. Кыскача айтканда, интернеттин көптөгөн артыкчылыктары менен кемчиликтери бар, аларды ар кандай көз караштар аркылуу жана ар башка чөйрөлөрдө көрүүгө болот.

4-апрелге карата жылнаама

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан