Канткенде көп өлчөмдө пенсия алууга болот? Соцфонддун өкүлү пенсия тууралуу айтып берди

Порталыбыздын "Элдик Кабар" бөлүмүнө көпчүлүк окурмандар пенсия тууралуу суроолор менен кайрылышат. Аталган суроолорго Социалдык фонддун коомчулук жана ЖМК менен иш алып баруу башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Мукамбетов жооп берди.

- Пенсия деген эмне? Кыргыз жарандары (аялдар, эркектер) канча жаштан пенсияга чыгат?

- Пенсия бул ай сайын төлөнүүчү мезгилдүү төлөм. Пенсия ишке жарамдуулугун же белгилүү бир куракка келгенде айлыктын ордун толуктоочу төлөм болуп эсептелет. Негизи иштеп турган убагында төгүлгөн төлөмдөрдөн түздөн-түз көз каранды. Анткени социалдык камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөгөн мезгил стаж болуп саналат. Кийин пенсияга чыкканда стажы пенсияга чыгуу укугун берет. Кыргыз өлкөсүндө аялдар 58 жаштан, эркектер 63 жаштан пенсияга чыгат.

Пенсияга чегерилген каражат эки бөлүмдөн турат.

  • Базалык (мамлекет тарабынан камсыздардырылган бөлүмү) (республикалык бюджеттен каржыланат)
  • Камсыздандыруу бөлүмү (Пенсиялык фонд тарабынан каржыланат)

- Пенсиянын түрлөрү:

  • Жаш курак боюнча пенсия
  • Майыптыгы барлар үчүн пенсия
  • Багуучусунан айрылган балдар үчүн пенсия

Майыптыгы барлар үчүн пенсия

Пенсияга чыгуу убактысы келгенге чейин жашоо-турмуштун же кандайдыр бир кырсыктын айынан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелип калышы мүмкүн. Аталган жарандарга пенсия берилет.

Багуусунан ажыраган балдар үчүн пенсия

Жаран каза болуп калса, үй-бүлө мүчөлөрүнө, тагыраагы балдарына 23 жашка чейин пенсия чегерилет. Бир балага 50 пайыз, 2 балага 90 пайыз, 3 балага 120 пайыз, 4 баладан көп болсо 150 пайыз өлчөмүндөгү пенсия каза болгон жарандын божомол пенсиясынан эсептелет.

- Пенсияга мөөнөтүнөн мурда кимдер чыга алат?

- Азыркы учурдагы мыйзамдын талаптарына ылайык:

  • Эгер жаран (эркектер) 40 жылдан ашык стажы бар болсо, 60 жаштан, тагыраагы 3 жыл эрте пенсияга чыкканга мүмкүнчүлүк алышат.
  • Эгер жарандар (аялдар) 35 жылдан ашык стажы болсо, 55 жаштан, тагыраагы 3 жыл эрте пенсияга чыга алышат.
2022-жылдын 1-октябрынан тарта пенсияны дагы 1800 сомго көбөйтүү маселеси учурда каралып жатат.

- Пенсиянын базалык бөлүгүнүн суммасы канча?

- Азыркы тапта пенсиянын базалык бөлүгү 1780 сомду түзөт. Толук базалык бөлүктү алышы үчүн эркектерге 25 жыл, аялдарга 20 жылдык стажы талап кылынат. Эгер пенсия жашына келип, бирок талап кылган стажы жок болсо, базалык бөлүгү теңдемелүү азайтылып эсептелет.

Мисалы, эркек киши 20 жыл гана иштеп калды, анда пенсиянын базалык бөлүгү теңдемелүү эсептелип калат. Тагыраагы базалык бөлүк азайып эсептелет 1780 сом х 240 ай (20 жыл х12)/300 ай (25 жыл х 12) = 1424 сом.

Пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү

Камсыздандыруучу бөлүгү - мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандырылган адамдарга камсыздандыруу стажын жана орточо айлык акыны же топтолгон камсыздандыруу салымдарын эске алуу менен белгиленген пенсиянын бир бөлүгү. Ар бир жарандын паспортунда индентификациялык номер бар. Ал адам төрөлгөндө эле берилет. Аталган номер адамдын камсыздандыруу эсеби болуп эсептелинет. Жаран иштеп баштаганда, ар бир мекеме-ишканада жарандын идентификациялык номери аркылуу отчёттуулук тапшырылат. Тактап айтканда, ар бир адамдын пенсиялык фондго төккөн акчасы түшүп отурат. Ал кийин пенсияга чыккан убакта эске алынат. Негизи пенсия бул кайтарымдуу төлөм болуп эсептелет.

- Пенсияны көбөйтүүдө каражат кайсы булактардан каржыланат?

- Пенсиянын көлөмүн жогорулатканда базалык бөлүгү республикалык бюджеттен көбөйтүлөт. Ал эми камсыздандыруучу бөлүгүн көбөйтүүдө пенсиялык фонд тарабынан каражат сарпталат.

Акыркы жолу пенсия 2021-жылы октябрь айында орточо 455 сомго жогорулаган.

- Өлкөдө эң көп пенсиянын көлөмү канча?

- Өлкөбүздө эң көп 179 миң сом пенсия алган жараныбыз бар. Мындан тышкары 100 миң сомго чейин пенсия алган жарандар бар. Бул түздөн түз пенсиялык фондго которгон акчасына жараша болот.

- Канткенде көп өлчөмдө пенсия алууга болот?

- Бир эле жаран бир айда 30-40 адамды пенсия менен камсыз кыла турган төгүмдөрдү төлөп жаткан учурлар кездешет, демек ал жарандардын пенсиясы жогору. Жарандар айлыктарынан пенсиялык фондго көп салым кошкону үчүн пенсиясы жогору болот.

Бул нерсени ар бир жаран туура түшүнүшү керек. Ар бир адам өзүнүнүн пенсиясын өзү түптөйт. Анткени камсыздандыруу принциптерине ылайык, пенсиялык фондго канчалык көп акча төлөсө пенсиясынын өлчөмү ошончолук жогору болот.

- Мигранттардын пенсиясы кандай болот?

- 2019-жылы Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин жыйынында Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерде (Орусия, Казакстан, Беларусь, Кыргыз өлкөсү, Армения) пенсиялык келишимге кол коюлган.

Келишим 2021-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирди. Келишим ЕАЭБ мүчө мамлекеттерде эмгектенгендерди пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндөгү төмөнкү маселелерди чечүүгө мүмкүндүк берет:

  • эмгекке орноштурган мамлекеттин жарандары менен барабар пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө эмгекчилердин тең укуктарын түзүү жана ишке ашыруу;
  • ар бир мамлекет аймагында иш стажынын мезгили үчүн төлөп берет (камсыздандыруу төгүмдөрүнүн төлөнгөнүн эске алып);
  • ар бир мамлекет өз мыйзамдарына ылайык пенсияга укугун аныктайт жана өлчөмүн эсептейт;
  • пенсияга укугун аныктоо үчүн камсыздандыруу стажын жалпылоо каралган;
  • ЕАЭБ мүчө мамлекеттерде эмгектенгендерди пенсиялык камсыздоо жөнүндө макулдашуу күчүнө киргенден баштап камсыздандыруу төгүмдөрү төлөнгөн мезгил үчүн пенсияларды экспорттоо, тактап айтканда пенсиялык фондго төлөгөн акысы туруктуу жашаган жерине пенсия жашына келгенде которулуп берилет. Мисалы, Кыргыз жараны Орусияда расмий түрдө иштесе, 2021-жылга чейин пенсиялык фондго акча которуп турган болсо, пенсияга чыгуу учуру келгенде укугун аныктоо үчүн стажы жалпыланып кошулуп эсепке алынат, ал эми 2021-жылдан кийинки төгүмдөрү ошол мамлекеттин Мыйзамына ылайык эсептелип пенсия түрүндө Кыргыз өлкөсүндөгү алып жаткан пенсиясынын үстүнө кошулуп калат.

Мындан тышкары жогорудагыдай эле принциптерге негизделген келишим Түркия менен түзүлгөн.

Кореяда иштеп келген жарандар 5 жыл ичинде топтомо пенсиялык фонддогу каражатын алса болот

Корея өлкөсү менен дагы меморандум түзүлгөн. Анда Кыргыз жараны Кореяда расмий түрдө иштеп, 9 пайыз пенсиялык фондуна акча төлөп жүргөн болсо (4,5 пайыз иш берүүчү, 4,5 пайыз иштеген адам), аны Кыргыз өлкөсүнө келгенден кийин (Кореядан тийиштүү фонддогу каражатын албай калган жарандар) 5 жыл аралыгында акчасын алуу үчүн кайрылганга укук берилет. Алардыкы топтомо пенсиялык фонд болуп эсептелгендиктен, 9 пайыз толугу менен үстүнө инвестициялык кирешеси менен топтоп туруп, артынан акчасын салып жатышат. Азыркы учурда 40-50дөй адам топтомо пенсиялык фонддогу каражатын алды. Эң көбү 7 миң долларга чейин алса, орточо 3 миң долларга чейин алышат. Ал үчүн жарандар Социалдык фонддун аймактык башкармалыктарына кайрылса болот. Тийиштүү документтер, банктык эсеп ачуу талап кылынат. Бул жерде социалдык фонд көмөкчү орган катары иш аткарат.

Учурда Социалдык фонд кайсы мамлекетте Кыргыз жарандары көп иштеген болсо ошол өлкөлөр менен келишим түзүү иштерин алып барууда, демек келечекте башка өлкөдө иштеп келген жарандарыбыздын пенсиялык укутары корголот деген ишеним бар.

Белгилеп өтсөк, Кыргыз өлкөсүндө 715 миңден көп пенсионерлер бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан