Бүгүн 1-класска электрондук каттоо башталды. Анын жол-жобосу

Бүгүн, 11-апрелде өлкөдө мектеп жашындагы балдарды 1-класска кабыл алуу үчүн электрондук каттоо башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Электрондук каттоо mektep.edu.gov.kg маалыматтык системасы аркылуу эки этапта жүргүзүлөт:

* Биринчи этап 11-апрелден 27-июнга чейин – катталган жери боюнча;

* Экинчи этап 27-июндан 10-сентябрга чейин – учурда жашап жаткан жери боюнча.

КАНТИП АРЫЗ БЕРҮҮ КЕРЕК?

Арыз берүү үчүн төмөндөгү маалыматтарды ырааты менен толтуруу зарыл:

1. Баланын кимиси экенин көрсөтүү?

  • Атасы;
  • Апасы;
  • Мыйзамдуу өкүлү (бул пунктту тандаган учурда тийиштүү документти тиркөө талап кылынат).

2. Баланын ата-энеси/мыйзамдуу өкүлү тууралуу маалыматтар:

  • Жарандыгы;
  • Жеке идентификациялык номери (ЖИН), аты-жөнү, паспорттук маалыматтары (сериясы, номери);
  • Уюлдук телефон номери;
  • (Логин жана пароль келе турган) негизги электрондук почтасы;
  • Кошумча электрондук почтасы (Электрондук почталар каттоо жазуусун калыбына келтирүү үчүн зарыл);
  • Жеңилдик бар/жок (бул пунктту тандаган учурда тийиштүү документти тиркөө талап кылынат).

3. Бала тууралуу маалыматтар:

  • Баланын жеке идентификациялык номери (ЖИН), аты-жөнү, туулган датасы, жынысы;
  • Туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн сериясы, номери.

4. Мектепти тандоо:

Биринчи этап боюнча:

  • Каалаган окутуу тили;
  • Ата-энесинин катталган дареги боюнча системада тийиштүү мектеп автоматтык түрдө көрүнөт.

Экинчи этап боюнча:

  • Каалаган окутуу тили;
  • Облусу/шаары;
  • Арыз ээси бош орундар болгон учурда каалаган мектепти тандай алат.

5. Арыз берерден мурда толтурулган маалыматтарды көрүп чыгуу:

  • Арыз берерден мурда арызда толтурулган маалыматтардын тууралыгын текшерүү талап кылынат;
  • Арыз тастыкталгандан кийин сиздин электрондук почталарыңызга мектепке кабыл алуу үчүн арыз ийгиликтүү берилгендиги тууралуу билдирме жөнөтүлөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан