Футзал: "Ак шумкарлардын" маанилүү беттеште Түркмөнстанга жеңилиши: Башкы машыктыруучу эмне дейт?

Кечээ, 10-апрелде Бишкекте өтүп жаткан футзал боюнча Азия Кубогунун тандап алуу оюндарынын алкагында Кыргыз курамасы Түркмөнстан менен кез келип, 3:1 эсебинде жеңилип калды.

Беттештен кийинки маалымат жыйында башкы машыктыруучу Амиржан Муканов бул оюнду футзалчылар менен чогуу талдай турганын айтты.

"Беттештин башынан эле оюн биз тарапта болгон жок. Гол киргизүү үчүн көптөгөн учурлар жаралган, топтор дарбаза мамысына дагы тийип жатты, бирок ийгилик жылмайган жок. Түркмөнстан курамасынын дарбазачысы дагы мыкты оюн көргөздү. Жакшы учурлар жаралганы менен жыйынтыктоочу чабуул жетишкен жок.

Оюнубузду талдайбыз. Оор абалга түшүп калдык, анткени алдыда Иран курамасы менен оюн күтөт. Бирок бүгүнкү Мальдив аралдарынын курамасы менен боло турган оюн дагы жеңил болбойт, анткени Түркмөнстан менен болгон беттеште көп күчүбүздү сарптап алдык", - деди Амиржан Муканов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан