"Кто ты детка?". Мектепке электрондук каттоодо бир нече каталар табылып жатат

Бүгүн, 11-апрелде өлкөдө мектеп жашындагы балдарды 1-класска кабыл алуу үчүн электрондук каттоо башталганын Билим берүү министрлигинен билдиришкен.

Электрондук каттоо үчүн Билим берүү министрлиги көрсөткөн сайтка киргенде бир нече каталар чыгууда. Алардын айрымдарын алсак: Сайтка биринчи эле киргенде "Кто ты детка?" деген суроо берилген. Ошондой эле орус тилиндеги анкетаны толтуруп жатканда жооптун варианттары кыргыз тилинде "энеси" же "атасы" деп белгиленген.

Мындан тышкары "Сиз баланын кимиси болосуз?" деген суроонун варианттарынын бирине "мыйзамдуу окулу" деп жазылган (туурасы "мыйзамдуу өкүлү").

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан