Жактыбы? Ат-Башыдагы милиция кызматкерлерине жаңы үлгүдөгү формалар берилди (фото)

Нарын ОИИБинин начальниги, милициянын полковниги Алмазбек Жумабеков Ат-Башы районуна иш сапары менен барып, өздүк курам менен жолугушуп, ИИМ тарабынан берилген жаңы үлгүдөгү формаларды тиешелүү кызматкерлерге тапшырып, берилген жаңы кийимдер боюнча кызматкерлердин ой-пикирлерин угуп, күнүмдүк кийип жүрүүчү формалар боюнча насааттама берип өттү. Бул тууралуу Нарын облустук милициясынан билдиришти

"Алмазбек Жумабеков иш сапарынын алкагында элдин кызматкерлерге милицияга болгон ишенимин көтөрүү максатында элди сервистик тейлөө боюнча ишмердүүлүктү күчөтүү жана кылмыштуулуктун алдын алуу багытында ыкчам иш-аракеттерди көрүү менен милициянын көчмө кабылдамасы менен байма-бай жолугушууларды уюштуруп, жергиликтүү жашоочулардын көйгөйлүү болгон маселелерин жеринен угуп, жарандарга сылык мамиле кылып, кандай кырдаал болбосун көмөк көрсөтүп, эл менен тыгыз иш алып барууга чакырып өттү", - деп билдиришти облустук милициядан.

Жогорудагы атайын алып келинген формалар облус аймагындагы шаар, райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө (аймактык тескөөчүлөрү) жана балдар иштери боюнча инспекторлоруна Нарын ОИИБинин жетекчилиги тарабынан жерине жеткирип берилмекчи.

Бүгүндөн баштап Нарын ОИИБинин милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жаӊы берилген атайын формада кызмат өтөөгө чыгышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан