Активист Нурсултан Акылбек акыркы күндөрдө талкуу болуп жаткан Соцфонддун пенсия реформасына байланыштуу пикирин билдирди. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
"Мен бардык бийлик өкүлдөрүн пенсияга байланышкан мындай катаал билдирүүлөрдү жарыялардан мурун пенсияга кеткен каражат элдин кол тийгис жеке акчасы экендигин унутпоого чакырат элем. Антпесе алар "биз бере албайбыз" деп өз чөнтөгүнөн төлөп жаткандай айтып жатышат", - деп жазды ал.
Эске салсак, кечээ, 11-апрелде министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов парламентте жарандарга пенсияны эрте топтоо зарылдыгын белгилеген. Ошондой эле ал пенсия деген кепилдик эместигин, мамлекет жарандарга бир тыйын пенсия карыз эмес дегенди түшүндүрүп баштоо керектигин айткан.