Бүгүн, 12-апрелде Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Сирожидин Камолидинов электр энергиясы тармагындагы коррупцияга каршы күрөш боюнча маалымат жыйын өткөрдү.
Анда 2021-жылы ноябрь айындагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында Садыр Жапаров башкы прокурорго энергетика тармагындагы коррупцияны жоюу тапшырмасын бергенине токтолду.
Ошондой эле Камолидинов мамлекет башчысынын тапшырмасы 80 пайызга аткарылып калганын белгиледи.
"Башкы прокуратура энергетика тармагындагы коррупцияны жоюу боюнча активдүү иш-аракеттерди алып барып жатат. Бул тармактагы бардык коррупциялык схемалар аныкталды, алар кайра иштебей тургандай кылынат", - деди басма сөз катчы.