Бишкекте катуу шамалдан дарак кулап, унааны басып калды


Бишкекте катуу шамалдын кесепетинен дарак кулап, унааны басып калды. Окурмандардын айтымында, унаанын ичиндегилер жабыркаган жок.

Белгилүү болгондой, бүгүн, 12-апрелде борбор калаанын Фатьянов жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинде жолдун боюндагы дарак кулап, унааны басып калды. Жеринде "Бишкек жашыл чарба" ишканасынын кызматкерлери иш алып барышууда.

Аталган мекеме шаар тургундарына кайрылып, сак болууга чакырат.

"Нөшөрлүү жаан-чачын жана катуу шамал дарактын бутактарынын салмагына таасирин тийгизет. Мындан улам Бишкек шаарынын мэриясы айдоочуларды жол кырсыктарын алдын алуу, жеке мүлкүнө зыян келтирбөө үчүн унааларын бактардын жана жеңил объекттердин жанына токтотпоону суранат", - деп айтылат билдирүүдө.

Бак-дарактардын жана бутактардын кулаганына күбө болгондор болсо "Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасынын 32-62-33, 0504 21 06 00 номерлерине жана борбор калаанын мэриясынын Call-борборуна: 1840 жана 1850 кабарлаңыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан