Бүгүн, 12-апрелде борбор калаанын Фатьянов жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинде жолдун боюндагы дарак кулап, унааны басып калганы кабарланган. Бишкек шаардык мэриясынан билдиришкендей, унаанын ичинде 3 аял болгон, алар жабыркаган жок.
"Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасынын жыгач кыюучулар бригадасы кулаган даракты алып, жолду тазалашты. Дарак кургак эместиги, ал жамгырга жана катуу шамалга туруштук бере албаганы такталды. Унаанын ичинде үч аял болгон, жабыркагандар жок", - дешти маалымат кызматынан.