Баткенде экинчи ирет ок атышуу болду. Тажиктердин аткылоосунан кыргыз жоокери жаракат алды

Баткен облусунун чек ара тилкесинде кайрадан ок атышуу орун алды. Чек ара кызматынан билдиришкендей, тараптардын жолугушуу учурунда экинчи ирет ок атышуу болду.

"Бүгүн, 12-апрелде болжол менен саат 21:17 чамасында Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү учурунда окуя болгон жерге кошумча күч катары келген Тажикстандын чек арачылары Кыргызстандын аскер кызматкерлерине ок чыгарды.

Дагы 30 мүнөттөй ок атышуу болуп, анын кесепетинен кыргыз аскер кызматкери жаракат алды. Андан ары тажик тарап Кыргызстандын Достук айылын миномёт менен аткылай баштады. УКМКнын Чек ара кызматы тажик кесиптештерин биргелешип кайтарылган чек ара тилкесинде кырдаалдын курчушуна жол бербөөгө жана жарандарды аткылоону токтотууга чакырат", - дешти басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан