72 жашында дүйнө салган маданиятка эмгек сиӊирген ишмер Баратбай Аракеев бүгүн акыркы сапарга узатылат

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиӊирген ишмер, журналист жана жазуучу Баратбай Аракеев 72 жашында дүйнө салды. Ал бүгүн, 13-апрелде өз айылында акыркы сапарга узатылат. Бул туурасында кесиптештери тарабынан маалым болду.
Өмүр баяны:
Баратбай Аракеев 1950-жылы 5-июнда Жети-Өгүз районунун Жон-Булак айылында төрөлгөн.
Аракеев жогорку окуу жайды бүткөндөн кийин "Мектеп", "Адабият" басмаларында 1986-жылдарга чейин эмгектенген. Ошол жылдардан тартып кыргыз журналисткасына аралашып, Кыргыз улуттук телевидениесинде иштеп баштаган. Ал башкы теле каналда бат эле көзгө басар журналисттердин катарын толуктап, өз алдынча: "Кадырман карыларым", "Калемгер", "Мен чилистен" сыяктуу автордук берүүлөрдү көгүлтүр экранга алып чыккан. КТРдин ошол кезде 50 адам эмгектенген "Адабий - драмалык" редакциясынын башкы редактору (азыркыча айтканда продюссери) болуп 5 жыл эмгектенген.
1997-жылдан тартып "Асаба" гезитинде саясый баяндамачы болуп иштеп баштаган.
2009-жылдан тарта "Форум", "Эл сөзү", “Фабула”, “Багыт кж” гезитинде иштеп, кыргыз саясатындагы тескери көрүнүштөрдү, экономика, коррупция, маданият багытындагы курч темаларды жазып келген.
Ал "Кайырылчы өмүр", "Чаӊдагы гүл", "Айсалкын", "Мен сага өлүм алып келем", "Мент", "Менин жазым", "Түбөлүккө кеткен жол", "Боронбайдын көр дүйнө" жана башка китептердин автору.
SUPER.KG порталынын жалпы жамааты Баратбай Аракеевдин дүйнөдөн кайтканына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан