Тажикстан мамлекеттик чек ара тилкесинде орун алган жердеги кошумча күчтөрүн, каражаттарын алып чыгууда. Бул туурасында УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришет.
Белгилүү болгондой, Лейлек районунда Баткен облусунун чек ара кызматынын жетекчиси Кыялбек Төлөнбаев менен Согдий облусунун чек ара кызматынын башчысы Хикматулло Пираковдун жолугушуусу орун алууда.
"Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө биринчилерден болуп тартылган кошумча күчтөрдү жана каражаттарды чыгаруу боюнча чечимдер кабыл алынды. Тараптар дароо эле окуя болгон жерден өз күчтөрүн жана каражаттарын алып кете башташты. Саат 00:00гө карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал салыштырмалуу туруктуу, бирок чыңалуу бар деп мүнөздөлүүдө. Эки республиканын чек ара делегациялары сүйлөшүүлөрдү Тажикстандын "Овчи-Калача – автожол" өткөрүү пунктунда улантышат", - дешти басма сөз кызматынан.
Белгилей кетсек, 12-апрелде Лейлек районундагы Селкан участкасында тажик чек арачылары чек аранын шарттуу сызыгынан өтүп, Кыргызстандын аймагына 20 метр тереңдик менен кирип кеткен. Мындан улам кыргыз чек ара отряды асманга эскертүү иретинде ок чыгарган. Тажиктер буга жооп кылып кыргыз чек арачыларына ок чыгарган. Анын кесепетинен эки тараптан тең аскерлер жаракат алышкан.
Кийинчерээк тажиктер экинчи ирет ок чыгарып, Достук айылын миномёт менен атып баштаган. Саат 22:15те Тажик тарап Достук айылын миномёттон атууну токтотконун, бирок кырдаал курчуганы белгилүү болгон.
Саат 22:50дөн 23:16га чейин Тажикстан миномётту атууну токтоткону менен Баткен районундагы Радар-1 участогунда тажик тарап Кыргыз аскер кызматкерлерин маал-маалы менен аткылаган. Ошондой эле окуя болгон жерге тажик тарап кошумча күчтөрдү жана каражаттарды топтоп жатканы кабарланган.