Баткен ОИИБинин жана Согди ОИИБинин кызматкерлери чек арага чектеш айылдарда биргелешкен кайгуул иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, алар Лейлек районунун Максат, Арка-2, Жаштык, Борбордук, Достук айылдарында жана Согди облусунун Б.Расулов районуна чектеш аймакта биргелешкен кайгуул иштерин өткөрүп жатат.
Ошондой эле Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу Арка-2, Жаштык, Борбордук, Достук айылдарында, Кулунду айыл аймагына караштуу Максат айылдарында жергиликтүү элдин коопсуздугун камсыздоо максатында күнү-түнү кайгуул посттору коюлуп, түшүндүрүү иштери өтүүдө.
Баткен ОИИБи боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери жеринде жол кыймылынын коопсуздугун, унаалардын үзгүлтүксүз каттамын камсыздоодо.
Учурда Кыргыз-Тажик чектешкен аймакта абал туруктуу.