Чек арадагы ок атышуудан улам 600дөн ашуун адам эвакуацияланды

Чек арадагы ок атышуудан улам 644 адам эвакуацияланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Лейлек районунда кечээ, 12-апрель күнү саат 19:20да Кыргыз-Тажик чек арасында катталган ок атышууга байланыштуу жергиликтүү туугандар убактылуу жайгаштыруу пункттарына эвакуацияланды.

Баткен облусу боюнча жалпысынан 644 жаран (анын 53ү эрк, 246 аял жана 345 бала) убактылуу пункттарына жайгаштырылган, анын ичинен 50 тургун өз үйлөрүнө кайтышты.

“Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан облус аймагында 1700 орундуу 13 убактылуу жайгаштыруу пункттары даярдалды.

Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Достук, Арка, Борбордук, Жаштык, Максат айылдарынын тургундары Маргун жана Бешкент айылына жайгаштырылган.

Ал эми Интернационал, Кулунду, Раззаков, Ак-Арык, Булак-Башы айылдарынын тургундары Раззаков шаарына, Эскиоочу айылынын тургундары Лайли айылындагы убактылуу пункттарына эвакуацияланды.

Ал эми Баткен району боюнча Ак-Татыр айыл аймагына караштуу Орто-Боз айылынын тургундары Ак-Татыр айылына, Ак-Сай жана Самаркандек айылынын тургундары Баткен шаарына жана Рават айылына жайгаштырылды”, - деп билдиришти ӨКМдан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан