"Эмне үчүн Кыргызстандан?". Чүйдөн сөөгү табылган казак жоокеринин апасы уулунун өлүмүнө күнөөлүүлөр бар экенин айтып чыкты

Кыргызстандан сөөгү табылган казакстандык жоокер Улыкбек Бердишовдун жакындары анын өзү асынып алганына ишенбейт. Бул тууралуу анын апасы Орункүл Мерекова жергиликтүү телеканалдарынын бирине берген маегинде айтты.

"Ал токтоо, оор басырыктуу бала болчу. Анын өзүнө кол салышы мүмкүн эмес болчу. Анын өлүмүнө күнөөлүү адамдар бар экенине ишенем. Чек ара сызыгынан өтүүгө мүмкүн эмес экенин билген, командирлер бул тууралуу катуу эскерткен. Эмне үчүн чек арадан өтүп, кыргыз тараптан табылды? Сөөк жоголгон күндөн тартып 39 күндөн кийин гана табылды. Бул аралыкта шамалдын, кардын, жамгырдын таасири менен сөөк чирип кетмек. Бир нерсе болду. Жакында эле жергиликтүү жигиттердин бири уулум менен чогуу кызмат өтөгөн демобилизациядан кийин айылга кайтып келди. Сүйлөшүү учурунда Улыкбек ага эч кимге аскер кызматын каалабайм деп айтканын укпаганын айтыптыр", - деген апасы.

Орункүл Мерекова баласы менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө, ал бир нерсени айта албай жатканын билдирген.

Каза болгон жоокердин апасы баласын кокустан өлтүрүп алышып, сөөктү бир жерде сактап, андан кийин гана Кыргызстанга алып барып асып коюшкан деп эсептейт.

"Уулумдун өлүмүнө күнөөлүүлөр мыйзам чегинде жооп бериши үчүн сотко берем. Уулумду аскерге сөөгүн алуу үчүн эмес, кызмат өтөө үчүн жибергем", - деген ал.

Жамбыл облусундагы чек ара бөлүмүндө кызмат өтөгөн Бердишов 2-мартта дайынсыз жоголуп, сөөгү 10-апрелде Кыргызстандын аймагынан табылган. Улыкбектин атасы уулу аскерде жүргөндө эки-үч күн сайын чалып, акча сурап тургандыгын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан