Журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө шектүү блогер колунун кан тамырын кести

Журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө шектелип кармалган блогер Батмакан Жолболдуева убактылуу кармоочу жайдан колунун кан тамырын кести. Бул тууралуу SUPER.KG порталына анын жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева билдирди.

"Кечээ Баткен облустук сот анын баш коргоо чарасын карап чыгып, райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Ошондо ал ага убактылуу кармоочу жайдан ар кандай кысымдар болуп жатканын айткан. Мисалы, тамак берилбей жатканын айтты эле. Мен мындан улам райондук ички иштер бөлүмүнө баргам. Жетекчилер менен жолугуп, Батмаканга болгон кыйноолор тууралуу айтып кеткен. Мен кеткенден кийин дагы ага коркутуп-үркүтүү болгондуктан ал бир колунун кан тамырын кескен. Мага аны бүгүн эртең менен туугандары телефон чалып айтышты. Кызматкерлер аны толук медициналык кароодон өткөрбөй белгисиз тарапка алып кетишкен. Азыр да кабар ала албай жатам", - деди Сүйүнбаева.

Маалымат үчүн:

Белгилей кетсек, журналист Арзыгүл Галымбетова 37 жаш курагында дүйнөдөн кайткан. Анын өлүмү боюнча Баткен облусунун телеканалы укук коргоо органдарына кайрылып, иликтеп берүү өтүнүчүн келтирген.

Арзыгүл Галымбетова "AKИpress" маалымат агенттигинде корреспондент болуп иштеп, Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдарды чагылдырып келген.

Журналист Арзыгүл Галымбетова каза болордон 2 күн мурда милицияга кайрылып, аброюна шек келтирди деген блогердин үстүнөн арыз жазган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан