Баткенде чек арадагы ок атышуудан улам эвакуацияланган адамдар кайра үйлөрүнө кайтып жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
“Кечээ, 12-апрелде чек арадагы айылдардын тургундары жакынкы айылдарга эвакуацияланган болчу. Бүгүн эртең менен түндө башка жакка эвакуацияланган адамдар кайтып келип жатышат”, - дешти ӨКМдан.
Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 600дөн ашуун адам эвакуацияланганын кабарлаган.
Бирок бейрасмий маалыматтарга караганда, 10 миңден ашуун адам түндө башка айылдарга чыгып кетишкен.