Лейлек милициясына ЕККУнун Бишкектеги өкүлү көчмө кабылдама тапшырды

Лейлек милициясына ЕККУнун Бишкектеги өкүлү көчмө кабылдама тапшырды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кыматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 13-апрель күнү Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун Бишкектеги программалык кеңсесинин элчиси Алексей Рогов Лейлек РИИБине милициянын көчмө кабылдамасын тапшырды. Иш-чарага милициянын көчмө кабылдама унааларынын ишин координациялоо бөлүмүнүн начальниги Таалай Алижанов жана президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков катышты.

“Газ 211717” Соболь үлгүсүндөгү милициянын көчмө кабылдамасы Лейлек РИИБине берилип, район аймагынан алыста жашаган жергиликтүү тургундардын көйгөйүн чечүүгө көмөктөшөт.

Мындан сырткары милиция кызматкерлери үчүн байланыш каражаттарын, оргтехникалары тапшырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан