Депутаттар Улуттук банктын иши менен таанышты

Жогорку Кеңештин бюджет, экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин өкүлдөрү Улуттук банктын иши менен таанышты. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 12-апрелде Жогорку Кеңештин бюджет, экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Д.Толонов баштаган мүчөлөрү Улуттук банкка барышты. Анда Улуттук банктын насыя саясаты, финансы-кредит уюмдарынын ишин көзөмөлдөө, өлкөнүн төлөм системасынын натыйжалуулугу сыяктуу негизги функциялары жөнүндө маалымат алышкан.

Жолугушуунун соңунда депутаттар Кыргызстандын аймагында жүгүртүүдөгү акча белгилери жана монеталар, ошондой эле тарыхый жана нумизматикалык баалуулукка ээ башка баалуулуктар сакталган Улуттук банктын нумизматикалык музейинде болушту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан