Журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө байланыштуу козголгон иштин алкагында камакка алынган блогер Батмакан Жолболдуева өз өмүрүнө кол салуу аракетин көргөнү чын. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Баткен РИИБинин убактылуу кармоо жайында шектүү катары кармалып турган 1989-жылы туулган Ж.Б. белгисиз себептерден улам өз өмүрүнө кол салуу максатында сол колунун билегин учтуу нерсе менен кескилеп салган. “Тез жардам” кызматы алгачкы медициналык жардам көрсөтүп, Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын сыныктар бөлүмүнө жеткирилип, абалы турукташкандыгына байланыштуу кайрадан убактылуу кармоо жайына киргизилди”, - деп айтылат билдирүүдө.