Бишкектеги жолдорду оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу 17-апрелде бир катар көчөлөр убактылуу жабылат. Бул тууралуу Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинен билдиришти.
Ага ылайык, Интергельпо көчөсүнүн Кенсуй көчөсүнөн Дэн Сяопин кең көчөсүнө чейинки бөлүгү убактылуу жабылат. Транспорт каражаттары үчүн альтернативдик жол Пишпек жана Фучик көчөлөрү болмокчу.
Аталган көчө Кытай Эл Республикасынын гранттык каражаттарынын эсебинен «Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү» долбоорунун алкагында оңдолот.