Баткен облусунун Лейлек жана Баткен райондорунда абал турукташа баштагандыктан айыл тургундары өздөрүнүн үйлөрүнө кайтышууда. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
ӨКМдан билдиришкендей, жакындарынын үйлөрүнө өз алдынча эвакуацияланган 17 799 жарандын ичинен 8687 адам туруктуу жашаган ордуларына кайтышты.
Ал эми ӨКМ тарабынан убактылуу жайга жайгаштырылган Лейлек районунун 554 жараны толугу менен жана Баткен районунда 33 жаран үйлөрүнө кетишти.
Эскерте кетсек, абал курчуган айылдардан жалпы 18 507 жаран эвакуацияланып, анын ичинен туугандарынын үйлөрүнө өз алдынча жайгашканы 17 799 жаран (3398 үй-бүлө), ал эми убактылуу жайларга жайгашкан тургундардын саны 708 жаранды түзгөн.