Кыргыз-тажик делегацияларынын кеңири курамдагы жолугушуусу аяктады. Эмнелер талкууланды?

Кыргыз-тажик делегацияларынын кеңири курамдагы жолугушуусу аяктады. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев билдирди.

Анын айтуусуна караганда, кеңири курамдагы жолугушуу 1 жарым саатка созулган.

“Саат 11:00дөн саат 12:30га чейин сүйлөшүүлөр жүрдү. Жалпысынан кечээ сүйлөшүлгөн келишимдерди ишке ашыруу тууралуу сөз жүрдү.

1) кошумча тартылган аскер күчтөрүн чыгаруу;

1) окуяны кылдат иликтөө;

3) милиция кызматкерлери биргелешип иш алып баруусу;

4) Согди облусунун жетекчиси менен элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча сүйлөштүк.

Бүгүн мен элге түшүндүрүү иштерин баштайм”, - деди Алимбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан