Муфтият ажылыкка баруу үчүн катталган жарандарды COVID-19'га каршы эмдөөдөн өтүүгө чакырат

Муфтият 2019-2020-жылдары ажылык сапарына баруу үчүн электрондук тизмеге катталган жарандарды COVID-19 илдетине каршы эмдөөдөн өтүүгө чакырат. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, муфтият Ажылык жана умра министрлигинен ажылык сапары боюнча расмий билдирүү ала элек. Буга байланыштуу САПтын жарыялаган маалыматына таянып, 2019-2020-жылдары ажылык сапарына баруу үчүн электрондук тизмеге катталып, кезек күтүп турган талапкерлер ажылык мезгилине убакыт тар болуп калгандыктан алдын ала COVID-19 илдетине каршы эмдөөдөн өтүүгө чакырат.

COVID-19 илдетине каршы Сауд Араб Падышалыгынын Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан бекиткен эмдөө дарылардын тизмеси:

• Пфайзер-Бионтек (Pfizer-BioNTech);

• Модерна (Moderna);

• Оксфорд - Астразенека (Oxford-Astrazeneca);

• Джансен (Janssen).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан