Бишкек шаарында баңгизаттарды таратууга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, Ички иштер министрлигинин БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан 2021-жылдын ноябрында түзөтүү мекемелерине каннабис тобундагы баңгизат каражаттардын ири партияларын ташып киргизүү менен алектенүүчү баңгилик топтор тууралуу ыкчам маалымат алынган.
2022-жылдын 19-мартында Жибек Жолу жана Алма-Ата көчөлөрүнүн кесилишиндеги аялдамадан Токмок шаарынан келе жаткан “Шама” каймана аттуу, мурда түзөтүү мекемелерине баңгизаттарды ташып киргизүү менен алектенип, бир нече жолу соттолгон, Д.Ш. аттуу жаран маршруттук унаадан түшөрү менен кармалган.
Ага кароо жүргүзүү учурунда жашыл түстөгү рюкзак тыбылып алынып, ичинде 5 жана 2 литрлик пластик бөтөлкө, анын ичинде кара куурай өзгөчө жытына ээ, болжол менен гашиш баңги зат каражатына окшош, чачыратма түрдөгү, ачык жашыл өсүмдүк заты болгон.
Алынган заттын жалпы салмагы 2 килограмм 194 граммды түзгөн.