Бүгүн, 13-апрелде президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов Каракол шаарынын эли менен жолугушту. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, Касымалы Жантөшев атындагы драма театрда өткөн жолугушууга 500гө жакын жергиликтүү тургун катышты. Жыйын суроо-жооп түрүндө өттү.
Караколдуктар таза суу, жылуулук, канализацияга туташуу, бала бакча сыяктуу социалдык көйгөйлөрдү чечип берүүнү суранышты. Ошондой эле шаарда көп кабаттуу үйлөрдү куруу тууралуу маселе көтөрүлдү.
Облус башчысы Алтынбек Сулайманов шаардын асманды карай, бийиктеп өсүүсү учурдун талабы экенин билдирди. “Учурда Каракол шаарында ички миграция күч алып жаткандыктан көп кабаттуу үйлөрдү куруу зарыл. Ал үчүн шаардан 30 гектар жер бөлүнгөн, ал эми канализация тууралуу айтсам, буюрса, жакынкы күндөрү саркынды сууларды тазалоочу жай курулуп баштайт. Жерин бөлүп берсек, коммуникация түйүндөрүн тартып берсек элге жеткиликтүү болгон көп кабаттуу үйлөр курулат”, - деди Сулайманов.
Алтынбек Сулайманов облустук деңгээлдеги маселелерди ыкчам чечүү боюнча тиешелүү мекемелердин башчыларына тапшырмаларды берди.