Дайынсыз болуп жаткан Нурдин Шаршенов изделүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Сокулук РИИБи тарабынан дайынсыз болуп жаткан Нурдин Шаршенов изделүүдө. Ал Сокулуктун Кызыл-Туу айылындагы үйүнөн 31-мартта чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.
Бою 170-175 сантиметр, арыкчырай, чачы ак баса баштаган, кыска алдырып жүрөт. Маңдайкы тиштери толук эмес.
Нурдин Шаршеновду көргөн, билгендер болсо төмөндөгү телефондорго кабарлап коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт.
Чүй ОИИББ: (0312) 43-01-27, (0312) 43-88-85.
Сокулук РИИБ: 0312) 60-75-67, 0558 86 14 86, 0709 35-35-29.