Өлкөдө март айынан 12-апрелге чейин өсүмдүк майы 5,5 пайызга кымбаттады. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин расмий сайтында көрсөтүлөт.
Март айынын башында майдын баасы бир литри 157 сом 6 тыйынды түзсө, 12-апрелге карата 166 сом 3 тыйынды түзгөн.
Баанын өсүү себептери:
Чет элдик валюталардын курсунун жогорулашы;
Өлкө импортко көз каранды (Орусия жана Казакстандан импорттолуп келет);
Товарды импорт кылган өлкөлөрдөгү дүң баалардын жогорулашы;
Жеткирүүчү өлкөлөрдүн импорттук товарга чектөө киргизиши;
Логистиканын кымбатташы;
Агенттиктен билдиришкендей, өлкөдө өсүмдүк майынын запасы жетиштүү.
Январь 2022-жыл |
Февраль 2022-жыл |
Март 2022-жыл |
6-апрель 2022-жыл |
12-апрель 2022-жыл |
Март-апрель айындагы өзгөрүү |
|
сом |
пайыз |
|||||
149,7 |
148,3 |
157,6 |
164,0 |
166,3 |
+ 8,7 |
+ 5,5 |