Бишкекте автобустун айдоочулары күн сайын наркологдор тарабынан текшерилет. Шаардык мэриядан билдиришкендей, "Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт" муниципалдык ишканасында наркологиялык кабинет иштей баштады.
"Эки автопарктын айдоочуларын текшерүүнү 7 нөөмөтчү нарколог жүргүзүүдө. Дарыгерлер линияга чыгып жаткан айдоочуларды эртең менен сапарга чейин медициналык кароодон өткөрүшөт. Текшерүү жол баракчаларын журналга каттоодон, тышкы экспертизадан, кан басымын өлчөөдөн турат", - деп айтылат билдирүүдө.