Бүгүн, 14-апрелде "Ала-Тоо" аянтында саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев өлкөнүн ар кайсы аймагындагы медициналык мекемелерге жаңы унаалардын ачкычын тапшырды.
Долбоор боюнча жалпысынан 69 Лада Нива унаасы сатып алынган, анын ичинен 17 унаа Бишкек шаарындагы саламаттыкты сактоо уюмдарына бөлүштүрүлгөн, калгандары план боюнча бөлүштүрүлөт.
Унаалардын ар биринин баасы 14 миң 700 долларды түзөт.